№68

Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы №3 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңеши боюнча;

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы №5 Чүй облусунун Чүй районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 5 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 9 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айылдык кеңеши боюнча;

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-июнундагы № 3 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши боюнча;

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 2 Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңеши боюнча;

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-июнундагы № 9 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 4-июнундагы № 13 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;

2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жана 1-1-пунктунун негизинде бош калган мандатты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы №3 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңеши боюнча;

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-майындагы №6 Чүй облусунун Чүй районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы №6 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 9 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айылдык кеңеши боюнча;

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-июнундагы № 3 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши боюнча;

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-июнундагы № 10 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңеши боюнча;

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 4-июнундагы № 14 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;

3) Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 2 Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңеши боюнча “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечими.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

– Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 11-июну

№ 68