Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– “Ыйман Нуру” саясий партиясынан Камбаров Акынбек Осконович берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Калилов Рустам Нийматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Айтказы уулу Марат берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Качкынова Назгуль Сарыгуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Джумагазиева Аэлита Байышовна берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Омуркулова Багдагул Зарлыковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– “Ишеним” саясий партиясынан Медербек кызы Жылдыз берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын.
- Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 9-сентябры
№ 95