09.12.2021 №799 Бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  5-сентябрындагы № 684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округунун схемасы бекитилди.

Бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 59 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 79495 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 31760 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 39,95%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү  6 талапкерди каттады:

1. Токтобаев Суйунбай Жумаканович;

2. Шакиев Нурланбек Тургунбекович;

3. Эргешов Алмазбек Манасбекович;

4. Шайдиев Алмазбек Усупбаевич;

5. Чомонов Манас Алишерович;

6. Момунов Акат Акынович.

Бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Аксы округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык Токтобаев Суйунбай Жумаканович 1837 (5,7%) добуш алды, Шакиев Нурланбек Тургунбекович 12082 (38%) добуш алды, Эргешов Алмазбек Манасбекович 5923 (18,6%) добуш алды, Шайдиев Алмазбек Усупбаевич 1009 (3,1%) добуш алды, Чомонов Манас Алишерович 6864 (21,6%) добуш алды, Момунов Акат Акынович 2697 (8,4%) добуш алды, «Баарына каршы» үчүн 799 (2,5%) добуш берилди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат.

Бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Аксы округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин,          4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пункттун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Шакиев Нурланбек Тургунбекович бир мандаттуу №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 9-декабры

№ 799