19.10.2021 № 752 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарыннын шайлоонун дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29–августун ПЖ №370 жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ханнс Зайдель Фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясынын, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин миссиясынын (КМШ) өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын.

2.      Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                    Т. ШАЙНАЗАРОВ

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-октябры