Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гулшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин
1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гулшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гулшаркан Оконовнанын ырастамасы анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Т. ШАЙНАЗАРОВ

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 18-февралы

№ 10