09.10.2025 №98 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жөнүндө
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын,
Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп
кайра атоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 200 Мыйзамын жетекчилике алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1,
20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын
6-ноябрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра аталсын.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландаштыруу, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук бөлүмү:
– Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жана Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын 38 участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрүн 1-тиркемеге ылайык жасоону камсыз кылсын;
– Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрүн жок кылуу жол-жоболорун белгиленген тартипте жүргүзсүн.
- Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 9-октябры
№ 98
