23.09.2024 №141 Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №3258 жана № 3259 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 9 Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №3258 жана № 3259 шайлоо участкаларынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 17-сентябрындагы №01-25/4757 Балыкчы шаарынын мэриясынын   кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине 
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын №3258 шайлоо участкасынын дареги Соң-Көл №16 көчөсүндө жайгашкан «Ак-Тилек» мектебинин мекемесинин (бала бакчасынын) имаратынан «Манас» орто мектебинин имаратына, Соң-Көл №29 кичи району дарегине ѳзгѳртүлсүн. 
2. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын №3259 шайлоо участкасынын дареги Ж.Абдрахманов №219 көчөсүндө жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратынан №22 кесиптик лицейдин (Т.Ибраев атындагы) имаратына, Ш.Кулакунов көчөсү, №214 дарегине ѳзгѳртүлсүн. 
3. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы Балыкчы шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТѲРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-сентябры

№ 141