Башкы БШКнын ЧУА Токтом 07.05.2024 №54 №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу …

07.05.2024 №54 №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо жыйынтыгы боюнча соттун чечимдери жөнүндө

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо
до жыйынтыгы боюнча соттун чечимдери жөнүндө

 

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - КР БШК) Муртазалиев Абдурахман Шамилевичтин ишеним кат боюнча өкүлү  Токтакунова Таалайкүлдөн төмөнкүдөй талап менен арыз келип түшкөн:

1. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими жокко чыгарылсын.

2. КР БШКнын  2022-жылдын 25-мартындагы № 35 токтомунун 2, 3-пункттары жокко чыгарылсын;

3. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Атазовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун;

4. А.Ш. Муртазалиев №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылсын.

2024-жылдын 22-февралында КР БШК №5 чечимин  кабыл алып, мыйзамдарга ылайык А.Ш. Муртазалиевдин арызы боюнча талаптарын канааттандыруудан баш тарткан.

КР БШКнын чечими менен макул эместигин билдирип, А.Ш. Муртазалиев Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган. 2024-жылдын 1-мартында Бишкек шаарынын административдик соту төмөнкүдөй чечим кабыл алган:

«- А.Ш. Муртазалиевдин арызы канааттандырылсын;

- А.Ш. Муртазалиевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө КР БШКнын 2024-жылдын 22-февралындагы № 5 чечими анык эмес деп  таанылсын;

- Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК  депутаттыгына талапкер А.Ш Муртазалиевди  каттоону жокко чыгаруу жөнүндө БШКнын 9.03.2022-жылдагы № 215 чечимин жокко чыгаруу, КР БШКнын 25.03.2022-жылдагы № 35 токтомунун 2 жана 3-пункттарын жокко чыгаруу жана А.Ш. Муртазалиевди № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖКнын шайланган депутаты деп таануу БШКга милдеттендирилсин

2024-жылдын 5-апрелиндеги Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен Бишкек шаарынын административдик сотунун 01.03.2024-жылдагы  чечими  өзгөртүүсүз калтырылган, КР БШКнын жана Ш. Атазовдун апелляциялык даттануусу канаатандырылган эмес.

2024-жылдын 30-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен: «Бишкек шаарынын Администрациялык сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасы  - Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.III. Муртазалиевди  каттоону жокко чыгаруу тууралуу  2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечимди жокко чыгарууну  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына   милдеттендирүү бөлүгүндө, «№29  Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө» 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун  2, 3-пункттарын жокко чыгаруу өзгөртүлсүн жана төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими жана «№29  Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 2, 3-пункттары - жокко чыгарылсын.

Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечими, Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасынын калган бөлүгүндө күчүндө калтырылсын.

Токтом жарыяланган учурдан тартып дароо күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт».

2024-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ушул токтому КР БШКга келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы соттордун жогоруда көрсөтүлгөн чечимдерин карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2024-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен (Иш АД – 133/24абс8 ВСКП-331/24 АД) төмөндөгүлөр жокко чыгарылган:

- КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими

- КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 2, 3-пункттары.

1. Ошол эле учурда, мурда 2022-жылы КР БШК добуштарды сатып алуу фактысы жана ага талапкер А.Ш. Муртазалиевдин катыштыгы бар экендиги тууралуу Бишкек шаарынын ИИБ тарабынан берилген кеңири материалдардын жана маалыматтардын негизинде (шайлоочулардын добуштарын сатып алууда шектелүүчүнүн ишенимдүү адамдары жана жакын туугандары – талапкердин атасы менен шектелгендердин ишенимдүү адамы жана жакын тууганы - талапкердин атасы менен туруктуу системалык байланышты түзгөнндүгүнө  байланыштуу) «№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча ички иштер органдарынын маалыматы жөнүндө» 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечимин кабыл алган.

Ушул чечим менен БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузгандыгы үчүн № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, талапкердин каттоосу төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларга катышуу фактылары далилденгенде.

Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык «Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, өз өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышат».

Ушул 2022-жылдын 9-мартындагы №215 чечим 2022-жылы шайлоо мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө А.Ш. Муртазалиев тарабынан даттанылган.

2022-жылдын 15-мартында Бишкек шаарынын административдик соту тарабынан, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу тууралуу А.Ш Муртазалиевдин арызы канааттандырылган эмес. 2022-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими менен административдик соттун чечими да күчүндө калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 22.03.22-жылдагы  токтому менен (иш № АД – 462/22абс5 К/п-434/22 АД) КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими, мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими күчүндө калтырганын жана тиешелүү түрдө соттор тарабынан мыйзамдуу деп табылганын эске алуу менен,  «№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын  шайлоонун натыйжалары жөнүндө» КР БШК 2022-жылдын 25-мартында № 35 токтомун кабыл алган, токтомдо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары төмөндөгүдөй  аныкталган:

1) № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо болуп өттү деп таанылсын;

2) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын   2022-жылдын 9-мартындагы №215 чечимин эске алуу менен талапкер А.Ш.Муртазалиев боюнча  добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.

3) Ш.К.Атазов №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылсын.

А.Ш. Муртазалиев КР БШКнын ушул чечимине даттанган жана 2022-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими менен КР БШКнын  2022-жылдын 25-мартындагы № 35 токтомун мыйзамсыз деп таануу жана жокко чыгаруу тууралуу А.Ш.Муртазалиевдин арызын канааттандыруудан баш тартылган. 2022-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен Бишкек шаарынын административдик сотунун 2022-жылдын 30-мартындагы чечими күчүндө калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик кодексинин 265-беренесинин 1-пунктуна ылайык: «Кассациялык инстанциядагы соттун актылары алар жарыяланган учурдан тартып токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт».

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 6.04.22-жылдагы токтому менен (иш № АД – 515/22абс8 К/п-6-465/22 АД), КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы № 35 токтому, тиешелүлүгүнө жараша, мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Ошентип, мурда 2022-жылы дагы А.Ш.Муртазалиевдин доо арызынын негизинде соттук кароонун предмети болгон, мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, күчүндө калтырылган БШКнын чечими жана токтому кайра каралып 2024-жылдын 30-апрелинде Жогорку соттун токтомунун негизинде жокко чыгарылган.

Ошону менен бирге, соттор тарабынан А.Ш. Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жана ал боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө БШКнын чечимдерин мыйзамдуу деп тааныган 2022-жылы мурда кабыл алынган чечимдери жокко чыгарылган эмес.

Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын коргоо иштери боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин «Айрым категориядагы иштер боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү» деген 20-бөлүмүнө тиешелүү.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 203-беренесинин 10, 11-бөлүктөрүнө ылайык: «Кассациялык инстанциядагы соттун токтому жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана ал даттанылбайт.

Соттун чечими жана кассациялык инстанциядагы соттун токтому жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жатпайт».

КР АПК 201-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык: «Арыздарды берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт».

КР БШК шайлоо талаш-тартыштары боюнча административдик иштерди кароонун өзгөчөлүктөрүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин өзгөчө бөлүгүн жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын нормаларынын негизинде төмөнкүдөй тыянакка келет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы атайын статусу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органына кирет, ал «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат» (107-берене).

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык БШК «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик бийликтин көз карандысыз органы болуп саналат».

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  «Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары»  деген 4-беренесине ылайык:

 1.Борбордук шайлоо комиссиясы:

1) шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына контролдоону жүзөгө ашырат;

2) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдорду, нускамаларды, жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;

26) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте референдумдун, Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат;

29) Президенттикке шайланган талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган талапкерлерди каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүктөрдү тапшырат;

2. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:

3) ушул конституциялык Мыйзамды жана шайлоо мыйзамдарын бузууларга тийиштүү текшерүүлөрдү жана тыюу салууларды жүргүзүү жөнүндө сунушу менен укук коргоо органдарына кайрылууга;

4) шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, талапкерди, талапкерлердин тизмелерин, демилгечи топторду каттоону жокко чыгарууга.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө укук бузууларды аныктоо жана укук коргоо органдары тарабынан берилген бузуулар жөнүндө материалдарды берүү КР БШК тарабынан сот өндүрүшүнүн алкагында ыйгарым укуктуу органдар тарабынан колдонулушу мүмкүн болгон конкреттүү субъекттерге карата жазык же башка жоопкерчилик чаралары менен бирге сот аткаруу өндүрүшүнүн алкагында шайлоо процессинин субъектиси катары талапкерге конституциялык-укуктук жоопкерчиликти колдонууга негиз болуп саналат.

Жогоруда аталган «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 13-бөлүгүндө: «Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан аша кетүү менен кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан же сот тартибинде жокко чыгарылууга жатат» тургандыгы каралган.

КР БШК «№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарынын маалыматы жөнүндө» КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечимин жана «№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө» КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы № 35 токтомун кабыл алууда КР БШК тарабынан Конституциянын жана шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптары сактаганын белгилейт, алар ошондой эле 2022-жылы даттануу процессинде мурда кабыл алынгандыгы жана сот актылары менен күчүндө калтырылгандыгы менен тастыкталган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2024-жылдын 30-апрелиндеги токтомуна ылайык, БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы №215 чечими жана КР БШКнын 25.03.2022-жылдагы №35 токтомунун 2 жана 3-пункттары жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын АПК 265-беренесине ылайык кассациялык инстанциядагы соттун токтому жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана ал даттанылбайт.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан Бишкек шаарынын Администрациялык сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечиминен КР БШК төмөнкүдөй аракеттерди жасоого милдеттендирген нормаларды алып салган:

«1) Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер А.Ш.Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө БШКнын 9.03.2022-жылдагы № 215 чечимин жокко чыгарууга КР БШКны милдеттендирүү жана  КР БШКнын  25.03.2022-жылдагы №35 токтомунун 2 жана 3-пункттарын жокко чыгаруу тууралуу;

2) А.Ш.Муртазалиевди №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат деп таануу жөнүндө КР БШКны милдеттендирүү жөнүндө.».

КР АПКнын 277-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сот актысын аткаруунун тартиби белгиленген «Аткаруу барагы жоопкерди административдик актыны кабыл алууга же айрым аракеттерди жасоого милдеттендирген соттун чечиминин негизинде, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда берилет».

Ошол эле учурда КР БШКга А.Ш.Муртазалиевди КР Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө административдик актыны кабыл алууга КР БШКны милдеттендирген аткаруу баракчасы келген эмес.

Кыргыз Республикасынын АПКнын 174, 265-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2024-жылдын 30-апрелиндеги токтомунда доогерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу КР БШКны милдетендирген норма жок.

Ошол эле учурда, азыркы редакцияда КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтому эч кандай ченемдик жүктү көтөрбөйт, анткени ал кайсы бир талапкерди шайланды деп таануу үчүн эч кандай укуктук кесепеттерге алып келбейт.

2. Андан ары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимине ылайык КР БШКнын 25.03.2022-жылдагы №35 токтомунун 3-пункту - Шайлообек Карыбекович Атазовду № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө жокко чыгарылган.

Шайлоонун натыйжалары жөнүндө БШКнын 25.03.2022-жылдагы №35 ушул токтомунун жана Ш.К.Атазовду шайланган депутат деп таануу жөнүндө аталган 3-пункттун негизинде КР БШКнын 2022-жылдын 6-апрелиндеги №40 токтому кабыл алынган, ага ылайык Ш.К. Атазов №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

Соттун чечиминде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2023-жылдын 21-декабрындагы өкүмүнө ылайык, Ш.К. Атазовдун тарапташтарынын добуштарды сатып алуудагы күнөөсү далилденгендиги айтылган, У.А.  Мергеналиев жана А. Клименко шайлоону өткөрүүдө № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ш.К Атазовдун пайдасына шайлоочулардын  добуштарды сатып алууну жүргүзүшкөндүгү боюнча КР КЖК 41-беренесинин 4-бөлүгүндө, 196-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоодо күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан жана Ш.К.Атазовдун пайдасына добуштарды сатып алуу боюнча күнөөлөрүн мойнуна алуу жөнүндө айыптоочу тарап менен келишим түзгөндүгү белгиленген.

Мында сот «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конситуциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктундагы нормаларга «талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларга катышуу фактылары далилденгенде талапкерди каттоону жокко чыгаруу жүргүзүлөрүнө» таянуу менен шайлоо мезгилинде депутаттыкка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шайлоочуларды сатып алууга катыштыгы бар экендигинин фактылары ырасталса, талапкер Ш.К.Атазовду каттоо жокко чыгарылууга жатат деген тыянакка келген.

2024-жылдын 7-майында КР БШКга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2024-жылдын 30-апрелиндеги токтому келип түшкөн, анда Ш.К. Атазовду депутат болуп шайланды деп тааныган БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 3-пункту жокко чыгарылган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2024-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен  күчүндө калтырылган Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы аныктамасын аткаруу максатында, У.А. Мергеналиевге жана А. Клименкого карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 21.12.2023-жылдагы өкүмүн эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 27, 28, 37, 43, 44, 46-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Шайлообек Карыбекович Атазовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 6-апрелиндеги №40 токтому жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Карыбекович Атазовдун күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 7-майы

№ 54