23.11.2024 №215 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек, Кара-Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын п

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек, Кара-Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу,
Кош-Д
өбө жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек, Кара-Камыш,  Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын  2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Сары-Челек, Кара-Камыш,  Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Сары-Челек, Кара-Камыш,  Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:

- Сары-Челек айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Кара-Камыш айылдык кеңешинин (2-тиркеме);

- Ак-Жол айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Ак-Суу айылдык кеңешинин (4-тиркеме);

- Кош-Дөбө айылдык кеңешинин (5-тиркеме);

- Үч-Коргон айылдык кеңешинин  (6-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

215