05.06.2023г. № 57 Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясын Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жѳнүндѳ

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясын Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жѳнүндѳ  

 

2023-жылдын 18-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын  10-апрелиндеги № 82 мыйзамы күчүнѳ кирди.

 Жогоруда аталган мыйзамдын 3-беренесине ылайык Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алып,

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландаштыруу, эсеп, отчеттулук бѳлүмү жана  сатып алуу сектору:

- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын жана Талас облусунун Айтматов районунун 28 участкалык шайлоо комиссияларынын мѳѳрлѳрүн 1, 2 тиркемелерге ылайык жасоону камсыз кылсын;

- Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мѳѳрлѳрүн жок кылуу жол-жоболорун белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун көчүрмөсү Айтматов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 5-июну

№ 57