28.03.2025 №20 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А. Айжигитов жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А. Айжигитов жѳнүндѳ
2025-жылдын 27-мартында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (мындан ары –УКМК) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.А. Айжигитов боюнча маалымат (2025-жылдын 27-марты, №5/705) келип түшкѳн.
УКМКнын маалыматына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тиешелүү контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө 1958-жылдын 27-майында туулган Айжигитов Султанбай Абдрашитовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодо «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары тууралуу маалымат алынган”.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган талапкер Айжигитов Султанбай Абдрашитовичти каттоону жокко чыгаруу жөнүндө маселени белгиленген тартипте кароону суранышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн материалдарды карап чыгып, жыйында укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.
2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин (2021-жылдын 11-октябрындагы), анын ичинде талапкер С.А.Айжигитовдун документтерин башка зарыл документтер менен бирге каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган.
“Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу “Ыйман Нуру” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин соттуулугун текшерүүдө талапкер С.А.Айжигитов боюнча төмөнкү маалыматтар алынган:
– 2005-жылдын 10-январында Баткен райондук ИИБнын тергөө бөлүмү КР КЖКнин 305-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,3-пункттары боюнча С.А. Айжигитовго кылмыш ишин козгогон. Ошону менен бирге, КР ЖПКнын 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде бул кылмыш иши кыскартылган;
– 2017-жылы Сокулук райондук ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан С.А. Айжигитов КР КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан алынган маалыматта, “кѳрсѳтүлгѳн кылмыш иши боюнча чечим келип түшкѳн эмес” деп көрсөтүлгөн.
“Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалымат” тууралуу №4 формасын толтурууда, талапкер С.А. Айжигитов тарабынан “соттуулугу” графасына “жок” деп белгиленген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы № 860 чечими менен С.А.Айжигитов “Ыйман Нуру” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде №5 талапкер болуп катталган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтому менен С.А.Айжигитов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылган.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 14-февралында Сокулук райондук сотунун өкүмү менен С.А.Айжигитовго карата КР КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыптоо боюнча кылмыш иши КР КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүнө кайра квалификацияланган (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү), (1997-ж. редакциясына ылайык). С.А. Айжигитов Кыргыз Республикасынын КЖКнын 112-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.
2021-жылдын 10-июнундагы Чүй облустук соту С.А. Айжигитовго карата Сокулук райондук сотунун 2020-жылдын 14-февралындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Ошону менен, талапкер С.А. Айжигитов тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды №4 формада чагылдырылган эмес.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, “Шайланган талапкердин каттоосу анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, конституциялык Мыйзамдын 21, 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте талапкерди, талапкерлердин тизмесин, демилгелүү топту каттоону жокко чыгарууга укуктуу экени белгиленген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы № 860 чечими менен катталган талапкер Султанбай Абдирашитович Айжигитовдун каттоосу жокко чыгарылсын жана ал “Ыйман Нуру” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылсын.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтомунун 7-пунктунун «Ыйман Нуру» саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп «Ыйман Нуру» саясий партиясынан талапкер С.А.Айжигитов шайланды деп таануу жөнүндөгү бѳлүгү жокко чыгарылсын.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтомунун “Ыйман Нуру” саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча С.А.Айжигитовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттоо жөнүндө бѳлүгү жокко чыгарылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айжигитов Султанбай Абдирашитовичтин күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
ТѲРАГА Т. ШАЙНАЗАРОВ
Бишкек ш., 2025-жылдын 28-марты
№ 20