23.06.2021 № 550 2021-жылы 15, 18, 19 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевкаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу

2021-жылы 15, 18, 19 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевкаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 15, 18, 19 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 329, 2021-жылдын 31-майындагы № 350 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Оромокоев Руслан Сардарбаевич катталган. Талапкер Оромокоев Руслан Сардарбаевич Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кара-Жыгач айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып,Р.С. Омокоевге – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                

Аламүдүнаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Оромокоев Руслан СардарбаевичКара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – АдинаевМузафар Касымбекович, Казбекова Аида Казбековна, Садабаев Аманкул Раимбекович жана Шамбеталиева Раиса Шейшенгазиевна катталышкан. Талапкерлер АдинаевМузафар Касымбекович, Казбекова Аида Казбековна, Садабаев Аманкул Раимбекович жана Шамбеталиева Раиса Шейшенгазиевна Васильевка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен                      Васильевкаайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,М.К. Адинаевге– 5 добуш, А.К. Казбековага – 15 добуш, А.Р. Садабаевге – 0 добуш, П.Ш. Шамбеталиевага – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Казбекова Аида КазбековнаВасильевкаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Аалиев Эрнис Нурпайызович жана Мураталиев Талантбек Манапбекович катталышкан. Талапкерлер Аалиев Эрнис Нурпайызович жана Мураталиев Талантбек Манапбекович Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан. 

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Төмөнкү-Аларчаайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,Э.Н. Аалиевге – 16 добуш, Т.М. Мураталиевге– 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Аалиев Эрнис Нурпайызович Төмөнкү-Аларчаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Мейманов Арзымат Джаргалбекович жана Токтомамбетова Айнура Акималиевнакатталышкан. Талапкерлер Мейманов Арзымат Джаргалбекович жана Токтомамбетова Айнура АкималиевнаТаш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Таш-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,А.Д. Меймановго – 15 добуш, А.А. Токтомамбетовага – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Мейманов Арзымат ДжаргалбековичТаш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Маевка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер –  Байгашкаев Конокбай Абдиевич, Казакбаев Бекжан Тогузбаевич, Калдаралиев Мирлан Шейшеналиевич жана Скаков Мирлан Шейшеналиевич и Таштекеев Съездбек Байгазиевич катталышкан.  Талапкерлер Байгашкаев Конокбай Абдиевич, Казакбаев Бекжан Тогузбаевич, Калдаралиев Мирлан Шейшеналиевич жана Скаков Мирлан Шейшеналиевич и Таштекеев Съездбек БайгазиевичМаевка  айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 19-июнундагы протоколу менен Маевка айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1 турда: К.А. Байкашкаевге - 1 добуш, Б.Т. Казакбаевге - 10 добуш, К.А. Калдаралиевге – 6 добуш, М.Ш. Скаковго – 0 добуш, С.Б. Таштекеевге – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш, 2 турда: Б.Т. Казакбаевге – 16 добуш, К.А. Калдаралиевге – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.  Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 19-июнундагы протоколу менен Казакбаев Бекжан ТогузбаевичМаевка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Аламүдүнрайонунун Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.    

2021-жылдын 15, 18, 19- июнундагы Аламүдүнаймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,    

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Чүй облусунун Аламүдүнрайонунун 2021-жылдын 15-июнунда өткөрүлгөн Кара-Жыгач жана Васильевка айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 18-июнунда өткөрүлгөн Төмөнкү-Аларча жана Таш-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 19-июнунда өткөрүлгөн Маевка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15, 18, 19  - июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Аламүдүнрайонунун Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.     

1.2. Ормокоев Руслан Сардарбекович Чүй облусунун Аламүдүнрайонунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Казбекова Аида Казбековна Чүй облусунун Аламүдүнрайонунун Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Аалиев Эрнис Нурпайзович Чүй облусунун Аламүдүнрайонунун Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Мейманов Арзымат Джыргалбекович Чүй облусунун Аламудун районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Казакбаев Бекжан Тогузбаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Аламүдүнаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Жыгач, Васильевка, Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.   

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну

№ 550