10.12.2021 №811 Бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Нарын шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 82 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 104 720 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 36 813 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 35, 15%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 13 талапкерди каттады:

  1. Аянкулов Самат Шамусаевич;
  2. Джаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич;
  3. Саяк кызы Элзат;
  4. Мадинов Орозобек Капарбекович;
  5. Жунусов Мелисбек Абдрасулович;
  6. Капаров Чынгыз Капарович;
  7. Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович;
  8. Сариев Акылбек Аблабекович;
  9. Борочоров Талантбек Айсаракунович;
  10. Бакасов Улан Болотбекович;
  11. Кылжыров Эсенбек Токонович;
  12. Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович;
  13. Абдылдаев Райымбек Жумагулович.

 

Анын ичинен 10 талапкер добуш берүүгө катышты.

Бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 5 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

№33 Нарын округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы №12 чечими менен,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, № 4076 шайлоо участогунда шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №33 Нарын округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 33 Нарын шайлоо округунун 81 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Нарын округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

 -Аянкулов Самат Шамусаевич - 1187 (3,21%) добуш алды;

-Джаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич - 137 (0,37%) добуш алды;

-Мадинов Орозобек Капарбекович -336 (0,93%) добуш алды;

-Жунусов Мелисбек Абдрасулович - 1583 (4,30%) добуш алды;

-Капаров Чынгыз Капарович - 904 (2,46%) добуш алды;

-Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - 7701 (20,92%) добуш алды;

-Сариев Акылбек Аблабекович - 1491 (4,05%) добуш алды

-Бакасов Улан Болотбекович - 19 621 (53,30%) добуш алды;

-Кылжыров Эсенбек Токонович – 507 (1,38%) добуш алды;

-Абдылдаев Райымбек Жумагулович – 821 (2,23%) добуш алды

-“Баарына каршы” позициясы үчүн - 1625 (4,41%) добуш берилди..

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.

Бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №33 Нарын округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Бакасов Улан Болотбекович - бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.   

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.         

 4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.   

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 10-декабры

№811