26.09.2024 №145 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №20 токтому менен бекитилген Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык аймагындагы №7274 жана №7276 шайлоо участоктордун

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №20 токтому менен бекитилген Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык аймагындагы №7274 жана №7276 шайлоо участоктордун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Чүй облусунун Москва районундагы Миң-Булак айыл аймагынын №7274 жана №7276 шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №3 чечими келип түшкөн.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Чүй облусунун Москва районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 20-сентябрындагы №4-3/1292 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №20 «Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата райондорунун айрым жергиликтүү кеңештердин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемесинде Чүй облусунун Москва районундагы Миң-Булак айыл аймагынын №7274 жана №7276 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек арасы бул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын.

 2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Миң-Булак айыл өкмөтү менен бирдикте шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-сентябры

№ 145