№80

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
токтом кылат:

1. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Макенов Бекмамат Султаналиевич, Абдыкеримов Кумарбек Абдыкеримович, Турматов Чынарбек Кеңешбекович берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Эргешова Назира Осмонбековна, Эрназарова Гүлшайыр Дүйшөналиевна, Мамытов Тынарбек Тургунбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сатибеков Дүйшөналы Акматбекович жана Усупбекова Тилекбүбү Түлөгуловна берген арыздарына ылайык резервден чыгарылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 14-августу

№ 80