23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Баткен облусунун Лейлек  районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Раззаков шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 10 шайлоо участок түзүлгөн.  

Шайлоочулардын тизмесине 22 377 шайлоочу киргизилген.

Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 8 саясий партия катталган: «Ишеним», «Адилет», «Милдет», «Ынтымак», «Мекендеш», «Эл Үмүтү», «Мурас», «Жаңы Кыргызстан».

Добуш берүүгө жалпысынан 6 648 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 29,7%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 37 шайлоочу катышты.

Раззаков шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 8 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Ишеним» - 576 добуш (8,81%) - 3 мандат; «Адилет» - 671 добуш (10,2%) - 3 мандат; «Милдет» - 1353 добуш (20,7%) - 7 мандат; «Ынтымак» - 1129 добуш (17,28%) - 5 мандат; «Мекендеш» - 419 добуш (6,4%) - 2 мандат; «Эл Үмүтү» - 433 добуш (6,6%) - 2 мандат; «Мурас» - 1032 добуш (15,79%) - 5 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 887 добуш (13,57%) - 4 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 10 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Лейлек  аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана Раззаков шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 238