26.09.2024 №147 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын

резервин толуктоо жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы  №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын  26-сентябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын саясий партияларга 2024-жылдын 23-сентябрындагы кайрылуусунун, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялсынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдорунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 26-сентябрындагы чечимине ылайык, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан талапкерлер тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-сентябры

№ 147