30.09.2024 №153 Ош, Кара-Көл, Кант, Кара-Балта жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош, Кара-Көл, Кант, Кара-Балта жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Б.Ы. Карыбековдун, А. Жунусбаеванын, Н.И. Мизановдун, Б.Т. Абдраимовдун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү О.Б. Самиевдин, С.А. Батырбекованын, О.А. Калиевдин, К. Садабаеванын, Ж.Ж. Шакирбаеванын, Кант аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөсү А.К. Кармышеванын, Ж.К. Джаманкулованын, Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү В.Ш. Абелдееванын, М.М. Медербековдун,  Ш.Э. Андашованын, Р.О. Осмонованын, С.Т. Закировдун, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.М. Омурзакованын шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Биримдик Элдик Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдраимов Бексултан Тыныбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Карыбеков Бактыбек Ыбышович, Жунусбаева Апиза, Мизанов Нурсултан Идирисович комиссиянын курамынан чыгарылсын;  
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Баймырзаев Нурланбек Сүйүнович, Байыш кызы Айпери, Бегалы кызы Гүлдана, Дүйшөбаева Асел Абдибековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Калиев Өмүрбек Аманбекович, «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Садабаева Карлыгач, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шакирбаева Жазгул Жапарбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Самиев Өмүрбек Баяманович, Батырбекова Салтанат Абдыкаимовна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Паязов Нурланбек Токтоназарович, Мадемирова Айбарчын Талайбековна, Кокумбаев Алмазбек Чынтемирович, Барманкулов Айбек Эстебесович, Молдобаев Данияр Кыязбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Кант аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Кармышева Аимжан Канатбековна, Джамакулова Жылдыз Кокулевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Шекеков Эмиль Кемелбекович, Султанбек кызы Миржан резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  «Ыйман Нуру» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Закиров Самат Талантбекович, «Ишеним» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмонова Ризванкуль Обдуловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Андашова Гульмира Жигитовна, Медербекова Мээрим Максатбековна, Абелдеева Венера Шайлообековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Насимова Жазайым Турусбековна, Раймкулова Назгуль Джолдошбековна, Джунусова Сайракан Капмурзаева, Дуйшеева Аида Сабыралиевна, Гриценко Надежда Васильевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Омурзакова Гульнара Мергенбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шакиева Гульзат Жумашевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

 

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                    

Бишкек ш., 2024-жылдын 30-сентябры

№ 153