16.09.2024 №122 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген  «Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген  «Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана депутаттын бош мандатын ээлөө тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы №158 Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген «Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана депутаттын бош мандатын ээлөө тартиби жөнүндө» Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

- жалпы жободо 1 абзацында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциалык Мыйзамы» деген сөздөр кошулсун;

- жалпы жободо 1 абзацында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылышсын;

- жалпы жободо 3 абзацында төмөнкү абзацтар менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан каралат.

Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекитет».

- 7 - пункту 7-1 – пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

7.1 «Шаардык кеңештин депутаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө №3/1 форма боюнча арыз берет, ал жазуу жүзүндө жеке өзү берилүүгө тийиш»;

- 7 - пункту 7-2 – пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

7.2 «Айылдык кеңештин депутаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө №3/2 форма боюнча арыз берет, ал жазуу жүзүндө жеке өзү берилүүгө тийиш»;

-8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эгерде депутаттын жеке өзү арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, ыйгарым укуктуу адам тиешелүү шайлоо комиссиясына депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын берет»;

- 9-пунктунда «кийинки тапакер» деген сөздөрдөн кийин «талапкер» деген сөз кошулсун;

-9-пунктундагы 9.4 пунктча күчүн жоготсун;

- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Бош мандат түзүлгөн учурда саясий партиянын башкаруу органы, эгерде тизмеде турган талапкер (талапкерлерден) каршы пикир болбосо, 3 күндүн ичинде саясий партиялардын тизмесинен башка талапкерди (талапкерлерди) көрсөтүүгө укуктуу».

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 16-сентябры

№122