08.07.2024 №83 №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комис

№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2024-жылдын 30-апрелиндеги №41, 2024-жылдын 17-майындагы №58 токтомдору менен 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын курамдары түзүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 4-июлунда №75, №76 токтомдору менен 2024-жылдын 30-июнунда болуп өткөн №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча, 2024-жылдын 5-июлунда №78 токтому менен №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык «Округдук шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотот».

Үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык,  «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине түзүлгөн Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                                                                                                                                                                         

Бишкек ш., 2024-жылдын 8-июлу

№ 83