19.06.2021 № 518 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы №323 токтому менен дайындалган Нарын облусунун  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Көбөнова Гүлмира Чүкүковна катталган. Талапкер Ак-Моюн айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен  Ак-Моюн айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,  Г.Ч. Көбөнова- 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.  Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                                       

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.  2021-жылдын 15-июнундагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын          49-беренесине ылайык,                                                                                                       

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.                                                                                                  1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.                                                                      1.2. Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                                                                                                                2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.          3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                                             4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 518