30.04.2024 №41 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ноокат жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын

2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Ноокат жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө   

 

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №109 Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын           2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобосун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилине Ноокат жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларынын курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.    

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                                                                   

 

                                                                             

Бишкек ш., 2024-жылдын 30-апрели

№ 41