23.11.2024 №219 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Өзгөн шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 14 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 35 418 шайлоочу киргизилген.

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 4 саясий партия катталган: «Ынтымак», «Жаңы Кыргызстан», «Ыйман Нуру», «Эл биримдиги».

Добуш берүүгө жалпысынан 6 294 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 17,77%  түзөт.

Өзгөн шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 4 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Ынтымак» - 1 834 добуш (29,88%) - 9 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 1 675 добуш (27,29%) - 9 мандат; «Ыйман Нуру» - 1 370  добуш (22,32%) - 7 мандат; «Эл биримдиги» - 1 203 добуш (19,60%) - 6 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 14 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Өзгөн шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана
Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимге даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51,
56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана Өзгөн шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 219