26.09.2025 №78
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмеги жана формаларын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүүнүн тартибин жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкерди каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүүнүн тартиби, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2021-жылдын 29-августундагы № 659 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 26-сентябры
№ 78
