07.07.2021 № 614 2021-жылдын2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москварайонунун Петровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларыжөнүндөпротоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын2-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москварайонунун Петровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларыжөнүндөпротоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 527 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москварайонунун Петровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.
Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович, Саралаев Узакбек Солтоевич жана Сооронбаев Казым, Петровка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Москвааймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Петровкаайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,К.Ж. Ешалиевге– 11 добуш,У.С. Саралаевге – 9 добуш, К. Сооронбаевге– 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Москвааймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу мененЕшалиев Кубанычбек Жолдошбекович Петровкаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Алыбеков Бакыт Жумгалбекович, Байбосунов Асанбек Арстанбекович, Бакиров Асылбек Искенович жана Кулжанов Талайбек Кибиралиевич, Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу мененБеловодский айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, 1 турда: Б.Ж. Алыбековго– 10 добуш,А.А. Байбосуного– 3 добуш, А.И. Бакировго– 10 добуш,Т.К. Кулжанового– 6 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш, 2 турда: Б.Ж. Алыбековго – 16 добуш, А.И. Бакировго– 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Алыбеков Бакыт Жумгалбекович Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Москварайонунун Петровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 2-июлундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Петровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунунМоскварайонунун 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөнПетровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүнбашчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Москвааймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын 2-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Москварайонунун Петровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ешалиев Кубанычбек ЖолдошбековичЧүй облусунун Москварайонунун Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Алыбеков Бакыт ЖумгалбековичЧүй облусунун Москварайонунун Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Москвааймактык шайлоо комиссиясы шайланганПетровка жана Беловодскийайыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 7-июлу
№614