17.04.2023 №37 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 Жарлыгы  менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуру үчүн 8 шайлоо участогу ачылган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 7 шайлоо округу түзүлгөн.

Н. Исанов айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 31, анын ичинен 11 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 56 талапкер катталган, анын ичинен 18 талапкер аялдар. 31 депутат шайланды, анын ичинен 13 депутат аялдар.

Шайлоочулардын тизмесине 10821 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 4500 шайлоочу катышып, 41,59%ды түздү.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы 8 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган.

Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына - 1, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жана Н. Исанов айылдык кеңешине жиберилсин.

4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Н. Исанов айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели

№ 37