18.04.2022 №46 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы №31 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 3 шайлоо округу түзүлүп, 5 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 3317 шайлоочу киргизилген.

Көк-Арт айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 21, анын ичинен 7 мандат аялдар үчүн резервделинген. 62 талапкер катталган, анын ичинде 15 аял.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясы 5 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.

Добуш берүүгө жалпысынан 1626 шайлоочу катышып 49 %ды түздү. 21 депутат шайланды, анын ичинен 7 депутат аял.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Сузак аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.

Арыз жана ал боюнча кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттануулар жана арыздар реестринде жайгаштырылган.

 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 10-апрелиндеги Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жана Көк-Арт айылдык кеңешке жиберилсин.

4. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Көк-Арт айылдык кеңешинин шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн. 

 

 

ПРЕДСЕДАТЕЛЬ                                                     Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 18 -апрели

№ 46