09.12.2021 №795 Бир мандаттуу № 1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын  шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо  2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  5-сентябрындагы №684 токтому менен бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Лейлек шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 66 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 90 056 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 32 323 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 35,89 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 9 талапкерди каттады:

 

1. Таштанкулов Касым Абдусаматович;

2. Абдираимова Назгул Назыровна;

3. Имматов Ина Имматович;

4. Жороев Исманали Эгембердиевич;

5. Бекмуратов Баймурат Асатович;

6. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич;

7. Сегизбаев Мирбек Абдрахимович;

8. Мукарамов Асылбек Турабаевич;

9.Жусупов Аширбай Бапович;

 

Бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 5 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

№1 Лейлек округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы №8 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, №8018 шайлоо участогунда шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Ал көрсөтүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №1 Лейлек округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча №1 Лейлек шайлоо округунун 65 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Лейлек округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

 

- Таштанкулов Касым Абдусаматович 561 (1,78%) добуш алды;

- Абдираимова Назгул Назыровна 2085 (6,63%) добуш алды;

- Имматов Ина Имматович 1908 (6,07 %) добуш алды;

- Жороев Исманали Эгембердиевич 7298 (23,21 %) добуш алды;

- Бекмуратов Баймурат Асатович 2659 (8,46 %) добуш алды;

- Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич 10847 (34,50 %) добуш алды;

- Сегизбаев Мирбек Абдрахимович 386 (1,23 %) добуш алды;

- Мукарамов Асылбек Турабаевич 2358 (7,50 %) добуш алды;

- Жусупов Аширбай Бапович 2553 (8,12 %) добуш алды;

- “Баарына каршы” позициясы үчүн  784 (2,49 %) добуш берилди.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат».

Бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №1 Лейлек округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 9-декабры

№795