15.09.2021 №694 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 117 токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

1) токтомдун преамбуласындагы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелери» деген сѳздѳр «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелери» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобонун 3-пунктунда:

- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам)» деген сѳздѳр ««Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;

- «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» деген сѳздѳр алып салынсын.

2. «Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 437 токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

- токтомдун преамбуласындагы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерин» деген сѳздѳр «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8, 11-беренелерин» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;

2) 2-пункт «тийиштүү округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча мамлекеттик мезгилдүү басма басылмаларында аймактык телерадиоуюмдарынын каналдарында эфирдик убакытты жана басылма аянттарын акысыз бѳлүштүрүү боюнча чүчүкулакты ѳткѳрүүнүн датасын, убактысын жана ордун ѳз алдынча белгилѳѳгѳ укуктуу» деген абзац менен толукталсын;

3) 4-пункт тѳмѳнкүдѳй мазмундагы абзац менен толукталсын: «Президентти, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамалекеттик телерадиоуюмдар бѳлгѳн акысыз эфирдик убакыттын жалпы кѳлѳмү жумушчу күнүндѳ бир сааттан ашык болбоого тийиш. Аталган акысыз эфирдик убакыт катталган жана берүүгѳ келген талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүшкѳн саясий партиялардын ортосунда тең негизде бѳлүштүрүлѳт.

Бир мандаттуу шайлоо окуругдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз эфирдик убакыттын жалпы кѳлѳмү аймактык телерадиоуюмдарынын каналдарында жумушчу күнү отуз минуттан кем эмес болууга тийиш.»;

4) 5-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

«5. Бѳлүнгѳн акысыз эфирдик убакыттын жалпы кѳлѳмүнүн жарымынан аз эмеси талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүшкѳн саясий партияларга дебаттарды жана ушуга окшогон үгүт иш-чараларын бирегелешип ѳткѳрүү үчүн гана берилет. Акысыз эфир убактысынын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга тең негизде жол берилүүгѳ тийиш.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадиоуюмдарынын каналдарында жүргүзүлгѳн биргелешкен үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ушуга окшош иш-чараларда) катталган талапкерлердин, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлердин ѳздѳрү гана катышууга тийиш.

Катталган талапкерлердин же саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнүн жана колдоо топторунун мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт.

Биргелешкен иш-чараларга катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка убакка эфирдик убакыт берилбейт.

Аймактык телерадиоуюмдарынын каналдарында акысыз берилген эфирдик убакыттын жалпы кѳлѳмү болгону бир биргелешкен үгүт иш-чарасын ѳткѳрүүгѳ жетишсиз болсо, анда бир мандаттуу округдар боюнча ар бир талапкерге беш же андан кѳп минут талап кылынса, ошондой эле аймактык телерадиоуюмдарынын техникалык мүмкүнчүлүктѳрү жетишсиз болсо, анда биргелешкен үгүт иш-чаралары ѳткѳрүлбѳйт, ал эми эфирдик убакыттын кѳрсѳтүлгѳн кѳлѳмү бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарына жайгаштырылат.».

5) 6-пункт тѳмѳнкүдѳй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«6. Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы чүчүкулак ѳткѳрүү күнүнѳ чейин үч календардык күндѳн кеч эмес, чүчүкулак ѳткѳрүлүүчү дата, убакыт жана орду жѳнүндѳ бир мандаттуу округ боюнча катталган талапкерлерге маалымдайт жана акысыз эфир убактысын жана басма орундарын алуу үчүн чүчүкулакка катышууга алардын түшкѳн тапшырыктарды каттайт.»;

6) 7-пункт тѳмѳнкүдѳй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Чүчүкулак ѳткѳрүлүүчү дата, убакыт жана орду жѳнүндѳ кабарлама алган бир мандаттуу округ боюнча катталган талапкерлер чүчүкулак ѳткѳрүү күнүнѳ чейин бир календардык күндѳ чүчүкулакка катышуусу тууралуу тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндѳгү тапшырыгын жѳнѳтүүгѳ тийиш. Чүчүкулакка талапкерлерге тийиштүү округдук шайлоо комиссияларына берген тапшырыктарынын датасы жана убактысы боюнча кезек менен жол берилет.»;

7) 8-пункттагы «жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү» деген сѳздѳрдѳн кийин «интернет-басылмалар» деген сѳздѳр менен толукталсын;

8) 11-пункт тѳмѳнкүдѳй мазмундагы абзац менен толукталсын: «бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин ортосунда чүчүкулакты уюштуруу жана ѳткѳрүү үчүн тийиштүү округдарынын чечими менен тийиштүү округдук шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳн беш адам санында чүчүкулак боюнча топ түзүлѳт».

9) 13, 14, 15-пункттарда «тиркемеге ылайык» деген сѳздѳр алып салынсын;

10) 16-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

«16. Чүчүкулактын натыйжасында белгилүү болгон бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин ортосундагы эфир убактысын бѳлүштүрүү графиги тийиштүү округдук комиссиянын чечими менен бекитилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына, тийиштүү түрдѳ мамлекеттик мезгилдүү басма басылмаларында жарыяланат.».

11) 17-пунктта «Борбордук шайлоо комиссиясы» деген сѳздѳрдѳн кийин «тийиштүү округдук шайлоо комиссиясы» деген сѳздѳр манан толукталсын.

3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү жана шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-сентябры

№ 694