№89

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын

резервин толуктоо жөнүндө

 

      “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 3-октябрындагы № 4 чечимине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Пазылов Кубанычбек Турдубаевич жана Айтиев Гайвали Кимсанович киргизилсин.

2. Бул токтом Эркин-Тоо гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                 Т. Шайназаров

Бишкек ш., 2025 -жылдын 3-октябры

№ 89