22.11.2024 №202 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол, Ак-Терек, Болот Мамбетов, Күн-Чыгыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол, Ак-Терек, Болот Мамбетов, Күн-Чыгыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол, Ак-Терек, Болот Мамбетов, Күн-Чыгыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Улахол, Ак-Терек, Болот Мамбетов, Күн-Чыгыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Улахол, Ак-Терек, Болот Мамбетов, Күн-Чыгыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө төмөнкү протоколдору бекитилсин:

- Улахол айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Ак-Терек айылдык кеңешинин  (2-тиркеме);

- Болот Мамбетов айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин (4-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

202