19.12.2023 №109 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу,  Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Айтматов, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (16.11.2023-ж. №43, №44; 29.11.2023-ж. №45, №46) Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Дөң-Булак жана Ийри-Суу айылдык кеңештери боюнча;

- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. №14, №14/1) Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев жана Көк-Жар айылдык кеңештери боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (23.11.2023-ж. №22; 06.12.2023-ж. №23) Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айылдык кеңеши жана Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;

- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (07.12.2023-ж. №11) Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;

- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (15.11.2023-ж. №14, №15) Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын (05.12.2023-ж. №5)   Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңеши боюнча;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (06.12.2023-ж. №21, 22)   Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши боюнча;

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. №16; 06.12.2023-ж. №17) Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. №95)  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. №23, 24)   Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылдык кеңеши боюнча;

- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (28.11.2023-ж. №11)  Нарын облусунун Нарын районундагы Дөбөлү айылдык кеңеши боюнча;

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. №25, 26; 29.11.2023-ж. №30; 01.12.2023-ж. №31, №32) Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши, Полтавка жана Кара-Суу айылдык кеңештери боюнча;

- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (30.11.2023-ж. №8, №9) Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. №116, №117) Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. №15)  Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. №7)  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылдык кеңеши боюнча;

- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (23.11.2023-ж. №16, №17) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылдык кеңеши боюнча;

- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын (21.11.2023-ж. №18)  Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылдык кеңеши боюнча;

- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. №40) Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (29.11.2023-ж. №21; 11.12.2023-ж. №22) Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Суу-Башы жана Ак-Татыр айылдык кеңештери боюнча;

- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. №19, 30.11.2023-ж. №20; 05.12.20230ж. №21, №22) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык кеңеши жана Үчкоргон айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (29.11.2023-ж. №46) – Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу айылдык кеңеши боюнча

- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. №14, №14/1) Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев жана Көк-Жар айылдык кеңештери боюнча;

- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын (15.11.2023-ж. №15)   Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. №95)   Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (20.11.2023-ж. №24)  Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылдык кеңеши боюнча;

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (01.12.2023-ж. №32)  Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (12.12.2023-ж. №15)  Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (29.11.2023-ж. №21)  Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;

- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (05.12.20230ж. №22)  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үчкоргон айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Өзгөн, Ноокат, Ала-Бука, Ак-Талаа, Жумгал, Жайыл, Сокулук, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Айтматов, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Жайыл, Панфилов, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Айтматов, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

   

Бишкек ш., 2023-жылдын 19-декабры

№ 109