22.11.2024 №197 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Кайыңды, Курама, Курпүлдөк, Фрунзе  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Кайыңды, Курама, Курпүлдөк, Фрунзе  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Кайыңды, Курама, Курпүлдөк, Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколдордун негизинде Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Орто-Кайыңды, Курама, Курпүлдөк, Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Орто-Кайыңды, Курама, Курпүлдөк, Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы төмөнкү протоколдору бекитилсин:

- Орто-Кайынды айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Курама айылдык кеңешинин (2-тиркеме);

- Күрпүлдөк айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Фрунзе айылдык кеңешинин (4-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноября

№ 197