05.10.2023 №99 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясыны

2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жыйынды таблицасынын формасын бекитүү тууралуу

 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы №85 токтому менен бекитилген Пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу, аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколу жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жыйынды таблицасынын формалары №1, 2, 3-тиркемелерине ылайык бекитилсин.

2.  Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда ушул токтом менен бекитилген протоколдордун жана жыйынды таблицанын формаларын жетекчиликке алсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 5-октябры

№ 99