26.07.2021 №636 2021-жылдын 11-июлунда болуп ѳткѳн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу
2021-жылдын 11-июлунда болуп ѳткѳн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу
2021-жылдын 11-июлунда Кыргыз Ресрпубликасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ №231 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп ѳттү.
Ош шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзѳт. Ош шаардык кеңешине шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 78 шайлоо участкалары түзүлгөн. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 9 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси катталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 9-июлундагы №621 токтому менен «Ынтымак» саясий партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган.
Кайталап шайлоого шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин саны 152718 шайлоочуну түзгѳн, добуш берүүгѳ 65469 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 42,87% түзѳт.
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Ош АШК) 2021-жылдын 14-июлундагы № 30 чечими менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо № 5308 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган.
«Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респрубликасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Ош АШК 77 (78тин ичинен) участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдорунун негизинде кайталап шайлоону болуп ѳттү деп тааныды жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын белгиледи.
Ош АШКнын протоколдорунун маалыматына ылайык 2021-жылдын 11-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ош АШКнын протоколдорунун маалыматтарына ылайык, тѳмѳндѳгү
4 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси 7 жана андан кѳп пайыз шайлоочулардын добуштарын алышкан:
- «Ата-Журт Кыргызстан» - 38,91% (19 мандат);
- «Биздин Кыргызстан» - 32,41% (15 мандат);
- «Улуттар Биримдиги элдик партиясы» - 15,51% (7 мандат),
- «Бир Бол» - 7,85% (4 мандат).
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясына, Ош аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учулар тууралуу 67 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкѳн. Келип түшкѳн билдирүү, арыз жана даттануулар мыйзамдарда белгиленген компетенцияларга ылайык каралып, Ош аймактык шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар кабыл алынган.
Мында шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча укук коргоо органдары берген бир катар материалдар боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын алкагында конституциялык-укуктук жоопкерчилик чаралары кабыл алынган эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергѳѳ кызматынын бѳлүмүнүн начальниги А.И. Кадыров чыгып сүйлѳп, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди (тиркелет).
Укук коргоо органдары берген маалыматтарга ылайык:
1) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгына шектенүү жѳнүндѳ (шайлоочуларды сатып алуу) маалымдама тапшырылып, кылмыш белгилери боюнча бир катар материалдар сотко жѳнѳтүлгѳн,
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер Н.А. Таджибаевага карата бир иш;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бѳлүгү боюнча «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын пайдасына сатып алууну ишке ашырышкан бир катар адамдарга карата эки иш;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча «Бир Бол» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.З. Патидиновго карата иш.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары белгиленген.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана кетирилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алат».
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 8-бѳлүгүнѳ ылайык «Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалар ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга милдеттүү.
Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү».
Ошондой эле «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат».
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматтарына, Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергѳѳ кызматынын расмий маалыматына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону ѳткѳрүүдѳ мыйзамдарга ылайык талапкерди жана талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгарууга негиз болгон шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы болгондугун белгилейт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 6 жана 7-пункттарына ылайык «Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;
- талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын
же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда».
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 5 жана 6-пункттарына ылайык «Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы фактылары ырасталганда;
- саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда».
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоочулардын добуштарын сатып алуу добуш берүүнү даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүгѳ таасир эткен бузууларга кирет жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга негиз болот.
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергѳѳ кызматынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясы «Бир Бол» саясий партиясынан талапкер С.З. Патидинов тарабынан бузуулар жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер жана ѳкүлдѳр тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга алып келген мыйзамдары бир нече ирет (системалуу) бузуулар болгондугун белгилейт.
Мында саясий партиялардын ѳкүлдѳрү жана айрым талапкерлери тарабынан мыйзамдарды одоно бузуулар жѳнүндѳ укук коргоо органдарынан жазуу жүзүндѳгү тастыктамаларды алгандыгына карабастан, Ош аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан айрым талапкерлер сыяктуу эле саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине да конституциялык-укуктук жоопкерчилик чаралары колдонулган эмес.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарында каралган учурларда жана
тартипте, талапкерди, талапкерлердин тизмелерин, демилгечи топторду каттоону жокко чыгарууга укуктуу».
КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы №183 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» Жобонун 5.11 пунктунун үчүнчү абзацына ылайык «Шайлоо мыйзамдарын бузуу аныкталгандыгынын натыйжасында добуш берүү күнүнѳн кийин саясий партиянынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда, ошол саясий партия үчүн добуш берилген шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылат».
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 38, 40, 44, 51, 56-1-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бир Бол» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.З. Патидиновду каттоо жокко чыгарылсын.
2. «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылсын. (пункт жокко чыгарылган)
3. «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылсын. (пункт жокко чыгарылган)
4. 2021-жылдын 15-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу ушул токтомдун 1, 2, 3-пукттарын эсепке алуу менен бекитилсин.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жана Ош шаардык кеңешине жѳнѳтүлсүн.
7. Ош аймактык шайлоо комиссиясы кайталап шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мѳѳнѳттѳ шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү, тѳш белгилерди тапшырсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 26-июлу
№ 636
Бишкек шаарынын Административдик Сотунун 2021-жылдын 28-июлундагы чечими менен КР БШКнын 2021-жылдын 26-июлундагы No636-токтомунун 2 жана 3-пункттары жокко чыгарылган.
Жогорку Соттун 2021 -жылдын 30 -июлундагы чечими менен Бишкек шаарынын Административдик соттун чечими күчүндө калтырылган.