23.11.2024 №217 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука, Айры-Там, Т. Балтагулов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө   Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын протокол

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука, Айры-Там, Т. Балтагулов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө   Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука, Айры-Там, Т. Балтагулов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын  2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Ала-Бука, Айры-Там, Т. Балтагулов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Ала-Бука, Айры-Там, Т. Балтагулов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок. Бүгүнкү күнгө каралбай калган арыз даттануу жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:

- Ала-Бука айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Айры-Там айылдык кеңешинин  (2-тиркеме);

- Т. Балтагулов айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Ынтымак айылдык кеңешинин (4-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

217