№91

Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорундагы, Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы жана Кадамжай районундагы айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июнундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылындагы № 5610 шайлоо участогунун дареги Т. Арзыкулов көчөсү, 77-1де жайгашкан Б. Азизов атындагы орто мектебинен Каарман айылынын Т. Арзыкулов көчөсү, 66да жайгашкан “Перизат” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Асан-Чек айылындагы № 5611 шайлоо участогунун дареги Алимбек уулу Асанбек көчөсүндө жайгашкан № 33 III Интернационал орто мектебинин имаратынан Достук айылынын С. Турдукулов көчөсүндөгү “Достук-Наристе” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

3. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Кыштак айылындагы № 5602 шайлоо участогунун дареги Ош көчөсү, 72де жайгашкан № 122 орто мектебинин имаратынан Кара-Кыштак айылынын Х. Ахраров көчөсүндөгү № 51 Ю. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

4. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылындагы № 5617 шайлоо участогунун дареги М. Абдрасулов көчөсү, 7де жайгашкан М. Заиров атындагы орто мектебинин имаратынан Папан айылынын М. Абдрасулов көчөсү, 7де жайгашкан М. Абдрасулов атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

5. Ош облусунун Араван районуна караштуу Араван айылындагы № 5351 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсүндө жайгашкан Балдар чыгармачылык мектебинин имаратынан Араван айылынын М. Султанов көчөсүндө жайгашкан № 40 Ж. Абдрахманов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

6. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Үч-Кемпир айылындагы № 5594 шайлоо участогунун дареги Каратаев көчөсү, 90до жайгашкан Беш-Тал орто мектебинин имаратынан Үч-Кемпир айылынын Үч-Кемпир-2 көчөсү, 49да жайгашкан жеке менчик дүкөндүн имаратына өзгөртүлсүн.

7. Баткен облусунун Сүлүктү мэриясына караштуу № 8050 шайлоо участогунун дареги И. Раззаков көчөсү, 109да жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын эски имаратынан И. Раззаков көчөсү, 89да жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

8. Баткен облусунун Сүлүктү мэриясынына караштуу № 8053 шайлоо участогунун дареги Кирпичный завод көчөсү, 12де жайгашкан № 8 И. Бектемиров атындагы орто мектебинин имаратынан Кирпичный завод көчөсү, 168де жайгашкан “Жеткинчек” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

9. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылындагы № 8117 шайлоо участогунун дареги И. Кааров көчөсү, 2де жайгашкан ФАП имаратынан Көк-Талаа айылынын У. Исаков көчөсү, 3дө жайгашкан № 41 К. Саттаров атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

10 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Мады, Папан жана Ала-Тоо айыл өкмөттөрү, Араван аймактык шайлоо комиссиясы С. Юсупова айыл өкмөтү, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Мирмахмудов айыл өкмөтү, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Майдан айыл өкмөтү жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы Сүлүктү шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкалардын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

11. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


 

Төрага Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 3-октябры

№ 91