29.01.2024 №2 КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2021-жылдын 26-июнунун № 79 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86 жана 87-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, 2020-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдер үчүн бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын сметаларынын аткарылышына, эл аралык кызматташуу боюнча кирешелерге жана чыгашаларга аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын   сунуштамаларын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун Уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзацы менен толукталсын:

“– шайлоо технологияларын өркүндөтүүгө багытталган техникалык сунуштарды талдоого жана иштеп чыгууга, программалык продуктылардын

иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт;”;

– 14-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– колдонуудагы мыйзамдарда тыюу салынбаган Кыргыз Республикасында алдыңкы шайлоо технологияларын даярдоого, иштеп чыгууга, киргизүүгө жана колдонууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырат.”;

– 16-пунктунун тогузунчу абзацында “контракттык негизде” деген сөздөр “эмгек келишими боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Жарандык билим берүү борборунун долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруудан, башка финансылык-чарбалык иштердин түрүнөн алган кирешелери, ошондой эле алынган кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлкү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын макулдугусуз ээликтен чыгарылууга же башка уюмдун же юридикалык жана жеке жактын ээлигине, пайдалануусуна же болбосо тескөөсүнө берилүүгө тийиш эмес.».

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директоруна Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборун мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрүүнү ишке ашырсын.

Аталган токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги ырасталат.

3. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Аппаратынынм жетекчисине жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш.

2024-жылдын 29-январы № 2