22.11.2024 №198 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 7 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 16 755 шайлоочу киргизилген.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 4 саясий партия катталган: «Жаштар», «Жаны Кыргызстан», «Ынтымак», «Ишеним».

Добуш берүүгө жалпысынан 5 558 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 33,17%  түзөт, анын ичинен аралыктан добуш берууго 22 шайлоочу катышты.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 4 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Жаштар» - 2 235 добуш (40,73%) - 13 мандат;
«Жаны Кыргызстан» - 1 807 добуш (32,93%) - 10 мандат; « Ишеним » -775 добуш (14,12%) - 4 мандат; «Ынтымак» - 626 добуш (11,41%) - 4 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 7 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

№ 198