23.09.2024 №143 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагындагы №7172 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 7 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагындагы №7172 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 18-сентябрындагы №01-201112 Достук айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймактын №7172 шайлоо участкасынын дареги Алма-Ата №244 көчөсүндө жайгашкан маданият үйү имаратынан, Алма-Ата №246 көчөсүндө жайгашкан орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы Достук айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

  

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-сентябры

№ 143