29.01.2024 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин де

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 26.12.2023-ж. №33, №34; 11.01.2024-ж. №1, №2, 25.01.2024-ж. №3, №4 Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык жана Талды-Булак айылдык кеңештери боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 12.01.2024-ж. №1, №2  Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаардык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 11.01.2024-ж. №1, №2, №3 Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Люксембург жана Ивановка айылдык кеңештери боюнча;

- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 28.12.2023-ж. №9  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча;

- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. №9, №10  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө жана Семиз-Бел айылдык кеңештери боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 09.01.2024-ж. №1  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 13.01.2024-ж. №1, №2  Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылдык кеңеши боюнча;

 

- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 08.01.2024-ж. №1, №2; 25.01.2024-ж. №3, №4 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов жана Өрүктүү айылдык кеңештери боюнча;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. №1, №2  Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. №1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. №6, №7, №8; 22.01.2024-ж. №1, №2, №3 Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент, Тогуз-Булак жана Кулунду айылдык кеңештери боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. №1  Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;

- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 23.01.2024-ж. №1, №2  Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;

- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 08.01.2024-ж. №1  – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон жана Даркан айылдык кеңештери боюнча;

- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 10.01.2024-ж. №1 Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 26.12.2023-ж. №33 Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;

- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 28.12.2023-ж. №9 – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча;

- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. №10 – Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылдык кеңеши боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 09.01.2024-ж. №1  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылдык кеңеши боюнча;

- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 25.01.2024-ж. №4  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктүү айылдык кеңеши боюнча;

- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. №1 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. №6; 22.01.2024-ж. №3 – Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент жана Тогуз-Булак айылдык кеңештери боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. №1  Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;

- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 10.01.2024-ж. №1 Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жайыл, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Ала-Бука, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

   

Бишкек ш., 2024-жылдын 29-январы

№ 1