06.7.2021 №607 2021-жылдын 29-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы №472 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бейшеев Азат Дуулатбекович, Өмүрбеков Урмат Асизович катталган. Талапкерлер Чолпон айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Чолпон айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, А.Д. Бейшеев - 9 добуш, У.А. Өмүрбеков – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

  • аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Өмүрбеков Урмат Асизович Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 29-июнундагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 29-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Өмүрбеков Урмат Асизович Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА


 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу

№ 607