21.09.2021 №703 Ала-Бука, Талас, Араван жана Ноокат округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ала-Бука, Талас, Араван жана Ноокат округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Ибраймалиева Нурила Осмонкуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Сарибекова Айсулуу Абзалбековна комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Талас округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Муктар уулу Кубанычбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Жусупбеков Жантош Жолдошбекович комиссиянын курамына киргизилсин.
3.Араван округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Закиров Мусабек Бердибекович жана Шерматов Ахмаджан комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Абдраимова Айзат Сайпидиновна жана Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Амракулов Жусупбек комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Шафигулина Мунира Равильевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Гафуров Маруфжан Мамасидикович комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 21-сентябры
№ 703