26.12.2023 №110 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык, Токмок жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. №14) Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө, Кабылан-Көл жана Жошолу айылдык кеңештери боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын (19.12.2023-ж. №62, №63) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылдык кеңеши боюнча;

- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. №12) Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. №17, №18) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңеши боюнча;

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (15.12.2023-ж. №11) Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (19.12.2023-ж. №25, №26; 21.12.2023-ж. №27) – Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын (04.12.2023-ж. №5) – Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын (18.12.2023-ж. №14) Жалал-Абад облусунун Алай районундагы Жошолу айылдык кеңеши боюнча;

- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (21.12.2023-ж. №27) – Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык, Токмок жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Алай жана Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3 Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери  3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Алай, Сузак, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын шаардык жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

   

Бишкек ш., 2023-жылдын 26-декабры

№ 110