№6

Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча;

.Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-январындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айылдык кеңеши боюнча;

.Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-январындагы № 1 Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши боюнча;

.Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айылдык кеңеши боюнча;

.Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 1 Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңеши боюнча.

2).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы №2 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча;

.Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-январындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айылдык кеңеши боюнча;

.Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-январындагы № 1 Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши боюнча;

.Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айылдык кеңеши боюнча;

.Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 1 Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

.Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2..1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3.. Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Төраганын м.а.                                                                                                                                                          А. Жупуева

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 22-январы

№ 6