10.04.2025 № 23
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” жобо тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “Кыргыз Республикасында 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 10-апрели.
№ 23