14.11.2024 №184 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыгына ылайык, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, келип түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Түрк Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин, Азербайджан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Казахстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын, Шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү, Ханнс Зайдель фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Түрк мамлекеттер Уюмунун Миссиясынын, Ислам кызматташтыгы Уюмунун Миссиясынын, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин,  Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнун, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-ж. 14 ноябрь

№ 184