23.06.2021 № 548 2021-жылы 4 жана10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жанаТаш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 4жана10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жанаТаш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 4 и 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын19-майындагы № 221 жана2021-жылдын 21-майындагы № 267токтомдору менен дайындалган Жалал-Абадоблусунун Сузакрайонунун Кызыл-Туу жана Таш-Булакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Тууайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Калмаматов Мирланбек Ыманалиевич, Омурзаков Майсалбек Чокмоковичкатталган. ТалапкерлерМ. Калмаматов - Сузакрайондук мамлекеттик администрациянын башчысынан,М. Омурзаков Кызыл-Тууайылдык кеңешинин депутаттарынансунушталган.
Сузакаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын4-июнундагыпротоколу менен Кызыл-Тууайылдык кеңешиндеги 31 депутаттын31 депутаты катышып,М. Калмаматовго– 15 добуш,М. Омурзаковго– 16 добушберилгендиги белгиленген.
Сузакаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагыпротоколу мененОмурзаков Майсалбек ЧокмоковичКызыл-Тууайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Самидинов Нурбек Жолмаматович, Гиязов Тайхожа Ульмасович, Мамаев Нурболот Маматназаровичкатталган. ТалапкерлерН. Самидинов - Сузакрайондук мамлекеттик администрациянын башчысынан,Т. Гиязов, Н. Мамаев Таш-Булакайылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Сузакаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын10-июнундагы протоколу мененТаш-Булакайылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып,Н. Самидиновго – 16 добуш,Т. Гиязовго– 15 добуш, Н. Мамаевге– 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Сузакаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Самидинов Нурбек ЖолмаматовичТаш-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абадоблусунун Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана Сузак аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз келип түшкөн.Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
2021-жылдын 4жана 10-июнундагыСузакаймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Туу жана Таш-Булакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абадоблусунун Сузак районунун 2021-жылы 4-июнундаөткөрүлгөн Кызыл-Тууайыл өкмөтүнүн,2021-жылы 10-июнундаөткөрүлгөн Таш-Булакайыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын4 жана 10-июнундагыпротоколдорубекитилсин.
1.1. Жалал-Абадоблусунун Сузакрайонунун Кызыл-Туужана Таш-Булакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Омурзаков Майсалбек ЧокмоковичЖалал-Абадоблусунун Сузакрайонунун Кызыл-Тууайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3.Самидинов Нурбек ЖолмаматовичЖалал-Абад облусунун Сузакрайонунун Таш-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сузакаймактык шайлоо комиссиясы Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну
№ 548