30.09.2024 №152 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун №4110, 4115, 4116 жана №4122 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун №4110, 4115, 4116 жана №4122 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 3, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 5 Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл аймагындагы №4110, Чаек айыл аймагындагы №4115, 4116 жана №4122 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 25-сентябрындагы №02-01-34/1655 Чаек айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын 27-сентябрындагы №02-01-34/583 Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын №4115 шайлоо участкасынын дареги Чаек айылы Б.Бабаев №18 көчөсүндө жайгашкан райондук РЭТ ишканасынын имаратынан, Чаек айылынын Э.Матыев №2 көчөсүндө жайгашкан “Көкөмерен” АК имаратына өзгөртүлсүн.

2. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын №4116 шайлоо участкасынын дареги Чаек айылы Э.Матыев 74 көчөсүндө жайгашкан “Соң-Көл” кинотеатрынын имаратынан, Чаек айылынын М.Алыбаев №67 көчөсүндө жайгашкан Т.Турсунбаева атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын №4122 шайлоо участкасынын дареги Кичи-Арал айылы Ж.Асанбеков көчөсүндө жайгашкан “Эмел” дүкөнүнүн имаратынан, Кичи-Арал айылынын  Ж.Асанбеков №30 көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имаратына өзгөртүлсүн.

4. Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл аймагынын №4110 шайлоо участкасынын дареги Таш-Дөбө айылы А.Тезекбаев №1 көчөсүндө жайгашкан Таш-Дөбө орто мектебинин эски имаратынан, Таш-Дөбө айылынын Бегалы уулу Акмат 82 көчөсүндө жайгашкан мурунку айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

5. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы Чаек жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 30-сентябры

№152