22.11.2024 №193 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кемин шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 8 467 шайлоочу киргизилген.

Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 7 саясий партия катталган: «Патриот Ынтымагы», «Эмгек», «Ишеним», «Адилет», «Замандаш», «Социал Демократтар», «Ынтымак».

Добуш берүүгө жалпысынан 2 774 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 32,76%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 5 шайлоочу катышты.

Кемин шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 7 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: « Патриот Ынтымагы » - 381 добуш (14,09%) - 3 мандат; «Эмгек» - 381 добуш (14,09%) - 3 мандат; «Ишеним» - 719 добуш (26,6%) - 6 мандат; «Адилет» - 455 добуш (16,83%) - 3 мандат; «Замандаш» - 368 добуш (13,61%) - 3 мандат; «Социал Демократтар» - 233 добуш (8,62%) - 2 мандат; «Ынтымак» - 166 добуш (6,14%) - 1 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 6 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы протоколдордун негизинде Кемин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин аймактык шайлоо комиссиясына жана Кемин шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

193